Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Кундуздагылар аба чабуулдарын айыпташты


Кундуздагы нааразылык.
Кундуздагы нааразылык.

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында ондогон адамдар жайкын тургундардын өмүрүн алды делген аба чабуулдарына нааразылык билдирип көчөгө чыгышты.

Алар жыйырмадай адамдын жана өспүрүмдөрдүн сөөгүн көтөрүп алышып, Кундуздун көчөлөрүн аралашты.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү расмийлер шаардын четиндеги Бурж Кандагари аймагына абадан чабуул жасалганын айтып, бирок жөн-жай тургундардын өлүмүн тастыктаган жок. Аба чабуулдарын ким жасаганы азырынча белгисиз.

Өткөн айда талиптер Кундуздун борборуна чейин кирип келишен. Бир жыл мурда жоочулар шаарда кыска убакытка көзөмөлүн орнотушкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG