Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Омбудсмен суицидке каршы күн жарыялоону сунуштап жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстанда 10-сентябрды “Суицидге каршы күн” катары мамлекеттик деңгээлде жарыялоону сунуштап жатат. Өлкөдө жылдан жылга өз жанын кыйгандардын саны өскөнүнө байланыштуу ушундай демилге көтөргөнүн Оторбаев “Азаттыкка” билдирди.

-Биз берип жаткан сунушта бул маселенин алдын алуу боюнча алты багыт камтылган. Алар өкмөт деңгээлиндеги көзөмөл, мектептерге психологдорду тартуу, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында кризистик борборлорду ачуу, Ички иштер министрлигинин алдында Балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын түзүү, жергиликтүү башкаруу органдарында мигранттардын, оор шарттагы үй-бүлөнүн балдары менен иштешүү жана диний уюмдарды түшүндүрүү иштерине тартуу болуп саналат.

Кыргызстанда жыл сайын суицидге баргандар саны 100дөн ашат. Бул абал улам өсүп баратканын Ички иштер министрлиги билдирген.

Ал эми дүйнөдө жылына 800 миңден көп адам өзүн өзү өлтүрүүдө. Жанынан аша кечкендердин көбү 15 жаштан 29 жашка чейинкилер.

10-сентябрь – Суицидге каршы күрөштүн эл аралык күнү. (SE)

XS
SM
MD
LG