Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

БУУ: Ливиянын жээгинде 240 адам сууга чөктү


Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Ливиянын жээгинде эки кеме кыйрап, кеминде 240 адам деңизге чөгүп кеткени кабарланып жатканын билдирди.

Агенттиктин өкүлү Шарлотта Саминин айтымында, кеме кырсыгынан аман калган 31 киши 3-ноябрда Италиянын Лампедуза аралына жеткирилген. Алар окуяны түшүндүрүп беришип, кемедеги жүргүнчүлөрдүн көбү Батыш Африкадан сапарга чыгышканын айтышкан.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, быйыл Жер ортолук деңизине 4200 мигрант чөгүп кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG