Кыргызстан менен Украина президенттеринин телефондогу жалган сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын эки мамлекет иликтейт. Тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Павел Климкин 3-ноябрда телефондо ушул маселени талкуулашты. Сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болгонун Тышкы иштер министрлиги билдирди.
2-ноябрда Украина президентинин расмий сайтына чыккан кабарда Алмазбек Атамбаев менен Петро Порошенко телефондо сүйлөшкөнү, бир сааттай уланган баарлашууда саясий ымаланы жандантуу маселеси талкууланганы маалымдалган.
Кыргыз тарап муну төгүндөп, кимдир бирөө Атамбаевдин атынан Порошенкону тамашага салганын билдирген. (SE)