Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Стамбулда билим берүү тармагындагы “тазалоого” каршы акция өттү


Cтамбулдагы каршылык акциясы, 3-ноябрь.
Cтамбулдагы каршылык акциясы, 3-ноябрь.

Түркияда Быйыл июлдагы төңкөрүш аракетинен соң билим берүү тармагында иштегендер жапырт жумуштан бошотулуп жатканына каршылар акцияга чыгышты. 3-ноябрда Стамбулдагы нааразылыкка жүздөгөн адам катышканын жергиликтүү булактар кабарлады. Арасында профессорлор, студенттер жана жарандык коом өкүлдөрү бар.

Бийлик июлдагы көтөрүлүштү диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурганын айтат. Окуядан кийин 100 миңден ашуун адам кызматтан алынган. Арасында профессорлор, мугалимдер, соттор, аскер адамдары жана прокурорлор бар. Алардын баары - Гүлен менен байланышы бар деп шектелгендер.

Ал эми темир тор артына киргизилген 37 миң адамдын соту жакында башталары күтүлүүдө.

Фетхуллах Гүлен төңкөрүшкө тиешеси жоктугун белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG