Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Түркиянын Диярбакыр шаарында жардыруу болду


Диярбакыр шаарындагы жардыруудан кийин.
Диярбакыр шаарындагы жардыруудан кийин.

Түркиянын көбүнесе күрттөр байырлаган Диярбакыр шаарында унаа жардыруусу болуп, андан кеминде бир киши мерт болгону, жыйырмадайы жаракат алганы кабарланууда.

Адилет министри Бекир Боздаг жардыруудан полиция кызматкерлери менен жайкын тургундар набыт болгонун айтып, бирок алардын саны канча экенин ырастаган жок. Окуя 4-ноябрдын таңында полиция имаратынын жанында болгон.

Бул жардыруу күрттөрдүн Элдик демократиялык партиясынын 11 депутаты камакка алынгандан кийин орун алды. Алардын арасында партиянын тең төрагалары Селахеттин Демирташ жана Фиген Йүксекдаг да бар. Коопсуздук күчтөрү эл өкүлдөрү террорчулукка каршы иликтөө учурунда кармалганын билдирди.

Элдик демократиялык партия быйыл биринчи жолу парламентке кирген. Түрк өкмөтү аны тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясына байланышы бар деп айыптап келет. Партия андай дооматтарды четке каккан. (KKs)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG