Бул тууралуу Талас районунун акими Бакыт Нуржанов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 24-октябрда иш ордун таштап, Бишкекке кеткен 25 мектептин директоруна, 7 бала бакчанын жетекчисине жана райондук билим берүү бөлүмүнүн 2 кызматкерине карата акт түзүлгөн. Ошонун негизинде аким райондук прокуратурага жана билим берүү министрлигине жетекчилердин иш-аракетинин мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчүн жолдогон:
-Министрликтен комиссия түзүлүп жеринде териштирүү болду. Мамлекеттик экотехинспекция корутунду чыгаргандан кийин прокуратура жооп берет.
24-октябрда Талас райондук билим берүү мекемелеринин 34 жетекчиси депутат Гүлкан Молдобековага жолугуу үчүн Бишкекке келишкен. Алар райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеваны иштен бошотууга депутат айымдын тиешеси бар-жогун билүү жана мектептердеги көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөшкөнүн айтышууда.
Эл өкүлү Гүлкан Молдобекова кадр маселелерине кийлигишкен деген кинени четке какты. (SS)