Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Кэцян: кытай-казак долбоорлору жемишин бере баштады


Ли Кэцян
Ли Кэцян

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Казакстанга иш сапарында “Жибек жолу” долбоорун казак тараптын жаңы экономикалык “Жаркын жол” саясатына дагы жакшыраак ылайыкташтырууга убада берди.

Ал казак президенти Нурсултан Назарбаев жана өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев менен Астанада жолукту. Ли Кэцян өндүрүштүн кубаттуулугун арттырууга багытталган эки тараптуу макулдашуулар жемишин берип жатканын айтып, бул багыттагы кызматташтыкты улантууга чакырды.

Бул программа Кытайдагы өндүрүш ишканаларын Казакстанга алып келүүнү көздөйт. Ага ылайык, эки тарап кеминде 26 млрд. долларлык 51 долбоорду баштоого макулдашкан. Алардын арасында энергетика, тоо-кен, транспорт тармагындагы долбоорлор бар.

XS
SM
MD
LG