Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Бишкекте Геннадий Павлюктун элеси эскерилди


Геннадий Павлюктун Бишкектеги эстелиги.
Геннадий Павлюктун Бишкектеги эстелиги.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов 4-ноябрда Бишкектеги Геннадий Павлюктун эстелигине гүл коюшуп, маркумду эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

2009-жылы декабрда Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыргызстандык оппозициялык журналист Геннадий Павлюктун колу-бутун байлап алтынчы кабаттын ыргытып жиберген. Журналист оор абалда ооруканага түшүп, алты күндөн кийин каза тапкан. Бул окуя боюнча Казакстанда кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынган. Сотто кыргызстандык жаран, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Алдаяр Исманкулов 17, казак жарандары Шалкар Уразилин 11, ал эми Алмаз Игиликов 10 жылга эркинен ажыратылган. (NT)

XS
SM
MD
LG