Пакистан National Geographic журналына чыккан сүрөтү менен дүйнөгө таанылган оогандык качкын Шарбат Гуланы 15 күндүк абак жазасын өтөгөндөн кийин депортация кыла турган болду.
Пешавар соту Гулага 110 миң рупийлик ($1,050) айып пул да салды. Гуланын адвокаты Мохсин Давар сот качкын аялды бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп тапканын “Азаттыкка” айтты.
Шарбат Гула 26-октябрдагы рейд учурунда жасалма документ пайдаланган деген шек менен камакка алынган. Эми ал дагы төрт күн абакта өтурат. Андан соң Ооганстанга депортацияланат.
1985-жылдын жайында National Geographic журналы оогандык качкындардын Пешавардагы лагеринен репортаж жасап, журналдын сыртына Гуланын сүрөтү жарыялаган.