Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Туннелдеги кырсыктан набыт кеткендер бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашты. Алар ата-энеси, эки баласы болгон. Азырынча набыт болгондордун аты аталбайт.

Жараат алган сегиз кишинин алтоо Бишкектеги №4 травматологиялык ооруканага жеткирилген. 36 жаштагы Максуда Көлбаеванын бели сынган. Дагы төрт кишинин колу-буттары сынган. Эки кишиге баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

4-ноябрь күнү ашуудагы Көлбаев атындагы туннелде жүк ташуучу автоунаа бир нече жеңил машинаны жөөлөп кеткен. Натыйжада төрт киши набыт болуп, сегиз киши оор жаракат алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG