Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

“АЛМА-ЭКСПО" 1- күзгү айыл чарба жармаңкеси өтүп жатат


Бишкектеги "Вефа" соода борборунда өтүп жаткан иш-чарада Кыргызстанда өндүрүлгөн натуралдык жана органикалык азыктардын көргөзмөсү да болот.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, климаттык кескин өзгөрүүлөрдүн шартында жана Борбор Азия менен Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо органикалык айыл чарба - табиятты сактап калуунун жана элди накталай азык менен камсыздоонун эффективдүү жолу. Мындан тышкары жармаңке жергиликтүү багбан-дыйкандар менен чет элдик өндүрүшчүлөр таанышып, тажрыйба алмашуусуна түрткү болуп бермекчи.

Жармаңкеде бал, эт-сүт азыктары, байыркы көчмөн кыргыздардын рецепти менен даярдалган талкан азыктары, улуттук суусундуктар, тоодо өскөн мөмө-чөмөдөн даярдалган азыктар жана ошондой эле жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдары сатылат. Иш-чарага Кыргызстандын аймактарынан элүүдөн ашуун компания катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG