Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

БУУ: Мосулда жихадчылар 1600 кишини барымтага алышты


Ирак армиясы ИМ ээлеген аймактарды бошотууда. 40ноябрь
Ирак армиясы ИМ ээлеген аймактарды бошотууда. 40ноябрь

Согушкерлер аларды абадан сокку урууга каршы тирүүлөй калканч кылып пайдаланышууда. Бул тууралуу 4-ноябрда Улуттар уюмунун жаңылыктар борбору маалымдады.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, туткундардын 400ү аял. Башкармалыктын басма сөз катчысы Равина Шамдасани:

“Согушкерлер барымтадагы кишилерди массалык түрдө кырууну улантууда жана катарына 9-10 жаштагы балдарды күчтөп киргизип, согушка пайдаланып жатат" , - деп билдирди.

Маалыматка караганда, согушкерлер Хаммам ал-Алил шаарынын элин жүк ташуучу унаалар менен Тал-Афар шаарына ташып жатышат. БУУнун жаңылыктар борбору маалымдагандай, “айрым үй-бүлөлөргө Сирияга барасыңар” деп айтылган.

XS
SM
MD
LG