Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бишкекте өрт бир нече объектти каптады


Бишкек
Бишкек

Тилсиз жоо жыгач сакталган кампаны, пенобетон заводун, автоунаалардын майын алмаштыруучу жайды каптаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркаган адамдар жок. Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматынын кабарлашынча, тилсиз жоону өчүрүүгө сегиз бригада барды. Учурда өрт чыккан жерде “Тез жардам” бригадасы да күзөттө турат. Аймакты милиция кызматкерлери кайтарып турат. Өрт каптаган жердин аянты азырынча 500 метр чарчы деп айтылууда.

Алгачкы маалыматтар боюнча, шаардын Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жыгач сакталган кампа күйгөн.

Өрт чыккан жерде жүргөн кабарчыбыздын айтуусунда, жакын арада эл жашаган кварталдар бар.

Өрт чыккан жерге ӨКМ министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов барганы кабарланууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG