Алар оппозициялык Cumhuriyet гезитинин кызматкерлери, арасында башкы редактор Мурат Сабунджу да бар. Журналисттер 31-октябрь күнү терроризмге катышы бар деген айып менен кармалышкан. Алар Гүлен менен байланышы бар жана күрт куралдуу түзүмдөрүн колдогон деп айыпталууда.
Cumhuriyet басылмасы 1924-жылдан бери күн сайын чыгып келе жаткан. Басылманын журналисттери буга чейин да куугунтукка кабылган. Сот эки кабарчыны Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көчүрүп басканы үчүн эки жылдан түрмөгө кескен болчу.