Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Болгариянын президенти Орусияны жикчил деп айыптады


Росен Плевнелиев
Росен Плевнелиев

Росен Плевнелиев Орусия өткөн жылы октябрда болгон референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда БШКга жасалган хакерлик чабуулга байланышы болуусу ыктымал деп эсептейт. Болгар президенти Москваны Европага жик салууну көздөйт деп билдирди.

ВВС маалымдагандай, Плевнелиев чабуулдарды АКШнын Демократиялык партиясынын почтасына кол салган хакердик Fancy Bear тобун көрүп жатат.

6-ноябрда Болгарияда президенттик шайлоо өтөт.

Октябрь айынын башында АКШ өкмөтү Орусияны президенттик шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде Демократиялык партияга жасалган кибер чабуулдар үчүн айыптаган. Москва айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG