Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Москва киберчабуул боюнча маалыматка жооп талап кылды


Орусия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова эгер АКШ унчукпаса, Москва Вашингтонду кибертерроризмге айыптай турганын билдирди.

5-ноябрь күнү америкалык NBC каналы өз булактарына таянып, АКШ өкмөтү менен байланышы бар хакерлер Орусиянын энергосистемасын, телефон байланыштарын жана командалык системаларын бузуп киришкенин жазган. Телеканалдын маалыматы боюнча, эгер орусиялык хакерлер АКШнын тармактарына кол салса, Вашингтон ага каршы киберкурал колдонмокчу.

Бул маалыматтан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондон расмий жооп талап кылууда.

Октябрь айынын башында Вашингтон Орусияны Демократиялык партияга жасалган киберчабуулга байланышы бар деп айыптаган. Москва аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG