Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

№4 төрөтканадагы окуяны министр өз көзөмөлүнө алды


Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

№4 төрөтканадагы баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин ишин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгат. Бул тууралуу Батыралиев “Азаттыкка” радиосуна өзү телефон чалып билдирди:

- Жабырлануучуларга менин телефон номумурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап койо электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көңүл жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын, - деди министр.

Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган деп Бишкектеги № 4 төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын айтпастан алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн Бишкек шаарынын тургуну аялынын жатынын алып салган үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин "Азаттыкка" билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG