Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүдө

5-ноябрь күнү АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 36,52 тыйын, дизелдик күйүүчү майдын баасы 34,8 сом, суюлтулган газдын баасы 24,17 сом болду. АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри - 38.5 сом, жогорку сапаттуу деп аталган АИ-98 бензини 44 сомдон сатылууда.

Акыркы үч-төрт айда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 1,5 сомго чейин кымбаттады. Дизелдик отун 2-3 сомго, ал эми суюлтулган газдын баасы бул аралыкта 5-6 сомго чейин кымбаттады.

Нефтрейдерлер ассоциациясы баалардын кымбатташын кышкы жылуулук сезону жана дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өсө баштаганы менен байланыштырууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG