Мелдеш Орусиянын борборундагы Харлампиева атындагы күжүрмөн самбо борборунда 6-ноябрда өтүп жатат. Москвадагы “Айкөл Манас” спорт клубунун жетекчиси Нургазы Амиракуловдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, беттеш Кыргызстандагы жаш жеткинчектердин күжүрмөн самбого кызыгуусун арттырып, дени сак жашоого жана спортко үгүттөө максатын көздөйт. Аталган мелдешке Орусиядагы жана Казакстандагы кыргызстандыктар ачкан спорт клубдардын спортсмендери да катышып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, бул сыяктуу спорттук иш-чаралар Кыргызстан менен Орусиянын спортчуларынын карым-катышын бекемдөөгө салым кошот.
Мелдешке 57кг салмактан тартып, 90кг салмактан жогорку категориядагы спортчулар күч сынашууда.
Күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты Москвада биринчи жолу өтүп жатат. (ZKo)