Иш-чараны кыргызстандык кинорежиссер, депутат Садык Шер-Нияз негиздеген. Фестивалда башка Азия өлкөлөрү менен катар Казакстанда, Кыргызстанда тартылган толук метраждуу көркөм тасмалар көрсөтүлдү. Жалпысынан фестивалга катышкан 24 тасманын жыйырмасы "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыгына талапкер.
Быйылкы жылы фестивалда “Мыкты азиялык тасма” номинантына Иракта тартылган “Кичинекей кишилердин чоң жетишкендиги” тасмасы татыды. Ал эми "Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма сыйлыгы" Монголияда тартылган тасмага берилди. “Эркектин мыкты жаратылган ролу” сыйлыгын түркиялык, ал эми “Аялдын мыкты жаралган ролу” сыйлыгын орусиялык фильм алды. Ал эми кинофестивалдын атайын сыйлыгына Арменияда тартылган “Зилзала” деген тасма ээ болду.