Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Чүй облустук милиция кызматкерлери каракчылыкка шектелүүдө


Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, өткөн аптада тоноочулукка шектелген тартип сакчылары кармалды. Буга чейин Чүй облусунун тургуну арыз жазып, милиция кызматкерлери менчик автоунаа менен жеткирип коюуну сунуштап, бирок жолдон күч колдонуу менен уруп-сабап, чоң суммадагы акчасын тоноп кетишкенин айткан.

Кызматтык иликтөөдө бул ишке Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышканы аныкталган. Окуяга байланыштуу “каракчылык”, “кызмат абалынан аша чабуу”, “кызматынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча иликтөө жүргүзүлүп, материалдар райондук прокуратурага жиберилген.

ИИМ кылмышка шектелген тартип сакчыларынын санын жана канча суммада акча тонолгону тууралуу маалыматты так айта элек. (NT)

XS
SM
MD
LG