Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Сирияга Бишкек аркылуу кетүүгө умтулган казакстандыктар соттолду


Казакстандык түгөйлөр быйыл мартта эмчектеги баласы менен кошо Бишкек аркылуу Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышууга аракет жасаган деген шек менен соттолду. Бул тууралуу Караганда облусунун прокуратурасынын расмий сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, Турсынбаев 6 жылга эркинен ажыралса, анын жубайы Сагатова 6 айга шарттуу кесилди. Алар кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкекке барып, андан ары Түркияга кетүүгө аракет кылып жатышканда кармалган. Тергөө үй-бүлө ээси Сирияга өтүүнү жана өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко кошулууну көздөгөнүн аныктаган. (NT)

XS
SM
MD
LG