Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Исаев: Башкы прокуратура менин ишимди териштире баштады


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев бул маалыматты “Азия ньюс” гезитине курган маегинде билдирген. Анын сөзү боюнча, Башкы прокуратуранын кызматкерлерине Исаев Чүй облусунун губернатору болуп иштеген учурун иликтөө боюнча тапшырма берилгени маалым болгон.

Исаев бул териштирүү анын жакында эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканына байланыштуу жүргүзүлүп жатат деп эсептейт.

Бул боюнча Башкы прокуратурадан маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Канатбек Исаев өткөн жумада парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Баатырбеков шайланган. Ал фракция лидерлигинен кетүүсү саясий себептерге байланыштуу экенин ырастады.

Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Каныбек Иманалиев “Эркин тоо” басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратурага чакырылды. Ал муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG