Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Президент журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда мамлекетти, адамдын өзүн маалыматсыз элестетүү мүмкүн эместиги, мүнөт сайын өзгөрүп жаткан дүйнөнү журналисттер кыймылдатып жатканы белгиленген.

Президент ошондой эле мындай шартта журналисттердин кесипкөйлүгүнөн коомдун күрөө тамыры көз каранды экендигин, коомдук пикирдин калыптануусуна журналисттер чоң салым кошуп жатканын айтат. Атамбаев Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы алдыңкы өлкө экенин белгилеп, журналисттерди Кыргызстандын келечегине жоопкерчилигин унутпоого чакырган.

7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG