Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Кош бойлуу аялдар туура тамактанууга үйрөнүүдө


Буга байланыштуу өнөктүктү Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык уюмдар менен кошо Кыргызстандын айылдарында жүргүзүүдө. Кош бойлуу мезгилинде жана эки жашка чейинки балдарды туура тамактандыруу боюнча семинарларды айылдык ден соолук комитеттери жергиликтүү медицина кызматкерлери менен чогуу алып барып жатышат. Аларга кандай азык-түлүктө кайсы витаминдер бардыгы тууралуу маалыматтар менен бирге пайдалуу заттарды жок кылбай тамак-аш даярдоонун ыкмалары үйрөтүлөт.

Эне кош бойлуу мезгилинде витаминдерге бай, пайдалуу тамактарды жесе, өзүнүн да, болочоктогу перзентинин да саламаттыгы бекем болуп, баланын толук кандуу өсүүсүнө жакшы таасир берет деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында.

Кыргызстандагы кош бойлуулардын аз кандуулугуна, наристелердин көп ооруусуна туура эмес тамактануу негизги себептердин бири.(ZKo)

XS
SM
MD
LG