Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Биометрикалык паспортко жарандын улуту ачык жазылбайт


Паспорт.
Паспорт.

Жарандын улуту жана башка ал тууралуу маалыматтардын баары паспорттогу чиптин ичинде камтылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” билдирди:

-Ал чипте жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, айдоочулук күбөлүгү, пенсиялык китепчеси, биометрикалык маалыматтары, катталган жери жана банк эсеби камтылат.

Мелис Эржигитовдун айтуусунда, кыргызстандыктарга биометрикалык паспорттор 2017-жылдын февраль айынан тарта бериле баштайт.

Айрым жарандар паспорттон “улуту” деген графаны алып салууга каршылыгын билдирип чыгышкан.

Биометрикалык паспорттор акырындык менен ички паспортту колдонуудан сүрүп чыгарат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG