Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

ФИБ директору Хиллари Клинтонго айып коюлбасын билдирди


Жеймс Коминин Конгресске жазган каты.
Жеймс Коминин Конгресске жазган каты.

Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Жеймс Коми президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун электрондук каттарына байланыштуу жаңы иликтөөнүн соңунда ага кылмыш иши козголбой турганын Конгресске маалымдаган. Бул кабарды республикачыл конгрессмен Жейсон Чаффетс 6-ноябрда ырастады.

Клинтондун атаандашы Дональд Трамп Хиллари Клинтонду “бузулган система” сактап калды деп Детройттогу митингде билдирди. “Хиллари Клинтон айыптуу. Ал өзү муну билет. ФИБ билет. Адамдар билет” деди Дональд Трамп.

Жеймс Коми 28-октябрда Конгресске жазган катында Хиллари Клинтондун жаңы электрондук каттары табылганга байланыштуу июль айында токтотулган иликтөө кайра башталганын маалымдаган. Бул президенттик шайлоого аз калганда ар кандай түкшүмөлдөрдү жараткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG