Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Таласта алма сатуучулар нааразы


Нааразылыкка чыккандар.
Нааразылыкка чыккандар.

Облустук акимчиликтин алдына чыккан ишкерлер бир жумадан бери элден алган алмаларын Казакстанга өткөрө албай жатышканын айтып, облустук бийликтен чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылышты. Алардын айтуусунда, кээ биринин 20 тоннага чейин алмасы чирип кетүү же үшүк алып кетүү коркунучунда турат. Ишкерлердин ири көлөмдөгү алма сактоочу жайлары жок.

Маалыматтарга ылайык, айрым соодагерлер сатып алган алмаларын үшүккө алдырганча, чек арадан казак тараптагы ортомчулар аркылуу алып өтүүгө мажбур болушкан. Ортомчулар бул кызматы үчүн ар бир унаага 30-50 миңден тенге сурашат. Андай акчасы жоктор короолорунда тонналаган алмаларды кармап турушат, деп билдирди нааразылыкка чыккандар.

Октябрь айында Казакстандын айыл чарба министрлиги кыргыз тараптан келген мөмө-жемиштерден курт чыккандыгына байланыштуу убактылуу чектөө киргизген. Ага ылайык 150 тоннадан ашык мөмө-жемиштер кайра кайтарылган.(SS)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG