Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Бишкекте чех ишкерлерин тоноп кетишти


Саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду каржылаган чехиялык ишкерлер 7-ноябрь күнү, саат 16:30 ченде Бишкектин чок ортосунан тонолушту. Алардын акчасын алып кеткендер өздөрүн милиция кызматкерлерибиз дешкен. Чехиялыктардын жанында жүргөн кыргызстандык жаран, “Демилге” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманованын “Азаттыкка” ырасташынча, ишкерлер сувенир алуу үчүн “Берекет-Гранд” базарына кирип, чыгып келе жатканда жарандык кийимчен беш киши алардын колдорун кайрып, документтерин талап кылышкан:

-Жарандык кийимчен беш киши менин көзүмчө эле алардын колдорун кайрып, документ талап кылышты. “Өзүңөрдүн күбөлүгүңөрдү көрсөткүлө” десем, үчөө көрсөтүштү, бирок аты-жөндөрүн толук окуп, жазып алууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. “Биз милиционербиз, документ талап кылганга акыбыз бар” дешип, менин кийлигишүүмдөн кийин гана кое беришти.

Бактыгүл Усманованын айтуусунда, чехиялык ишкерлердин чөнтөктөрүнөн акчалары жоголгон. Усманова “милиция кызматкерибиз” деген кишилердин үстүнөн Ленин РИИБнө кайрылып, арыз жазмакчы.

Шаардык милиция бул окуя тууралуу кабары жоктугун маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG