Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Репрессиянын курмандыктары эскерилүүдө


Репрессия курмандыктары коюлган жай.
Репрессия курмандыктары коюлган жай.

Эскерүү репрессиянын курмандыктары көмүлгөн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өтөт. Иш-чараны “Сөз эркиндигин коргоо” комитети уюштурууда. Комитеттин өкүлү Адил Турдукуловдун айтуусунда, 1937-38-жылдардагы саясий куугунтук менен азыркы саясий куугунтук, камоолордун окшош жагы бар:

-Ошол мезгилде да кыргыздын тыңчыкмалары совет бийлигинин куугунтугуна алынып, жалган жалаа менен камалып, өлтүрүлгөн. Азыр өлтүрүүлөр болбосо да, жалган жалаа менен камакта отурган саясатчыларыбыз бар. Ошондуктан, биз бүгүн репрессиянын курмандыктары жаткан жерге барып, аларды эскерүүнү өзүбүздүн милдетибиз деп чечтик.

1938-жылы күз айларында совет бийлиги тарабынан "улутчул, эл душманы" деген айып менен атылган 100дөн ашуун адамдын сөөгү көмүлгөн жер Кыргызстан эгемендик алгандан кийин аныкталган. Сөөктөр кайрадан жерге берилип, “Ата-Бейит” деп аталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG