Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

“Референдумга - жок” кыймылы түшүндүрүү иштерин улантууда


Оппозициянын нааразылыгы.
Оппозициянын нааразылыгы.

Аталган кыймыл 8-ноябрдан тартып, “Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча” мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсү жазылган китепче чыгарып, эл көп жашаган аймактарга таратууда. Бул тууралуу кыймылдын активисти Өндүрүш Токтоназаров “Азаттыкка” билдирди:

-Бул китепчеде Башмыйзамга кандай өзгөртүүлөр сунушталып жатканы тууралуу кенен маалымат берет. Аны окуган жарандар жаңы, өзгөргөн Башмыйзам менен кандай жашоо болорун алдын ала билип, референдумга добуш бергени барганда, кандай жооп берүүнү чечип алуусуна оңой болот деп ойлойм.

Кыргызстандагы оппозициячыл топтор, “Референдумга - жок” аттуу кыймыл түзүп, атайын курултай өткөрүп бийликти референдумду өткөрүүдөн баш тартууга чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG