Буга чейин рак оорулуулардын лейкоз жана лимфа бездерине таркаган түрүн аныктоочу иммунофенотип жабдуусу жок болгондуктан, кыргызстандык бейтаптар Алматыга барып диагноз койдуруп келишчү. Саламаттык сактоо министрлиги жана “Лабтест” менчик лабораториясы биргеликте аталган жабдууну сатып алышып, мындан ары лейкоз жана лимфа бездеринин рагына чалдыккан балдарды акысыз текшерип, анализин чыгарып бермей болду.
Бул тууралуу “Жардамдашуу оңой” фондунун директору Динара Аляева социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анализди кайра тактай турган адистер аталган фонддун көмөгү менен Москвадагы Дмитрий Рогачев атындагы илимий борбордо атайын окуудан өтүштү. Иммунофенотиптөө аркылуу рактын түрүн тез аныктап, дарт күчөп кете электе дароо дарылай баштаса болот. Буга чейин бейтаптар Москва жана Алматыга 300-500 АКШ долларын төлөп, анализдерин жиберишчү жана үч күндөн бир аптага чейин жыйынтыгын күтүп отурушчу. (BCh)