Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Осмоналиев: мотор май кампасын өрттөшкөн эмес


Бишкектеги өрт.
Бишкектеги өрт.

ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиев бул өзүнүн пикири экенин кошумчалады. Анын 8-ноябрда журналисттерге билдиргени боюнча, өрт жумушчулардын баары өз ордунда иштеп жаткан учурда күндүз башталган. Азырынча өрттүн чыгышы боюнча эки жоромол бар: биринчиси электр зымдарынын оң эместиги, экинчиси адамдардын шалаакылыгы болушу мүмкүн. Осмоналиев учурда өрттүн чыгышынын себептери иликтенип жатканын маалымдады. Осмоналиевдин маалымдашынча, кампада 500 тоннага жакын май сакталып турушу ыктымал.

Өрттү өчүрүү мезгилинде эки өрт өчүрүүчү ис газына ууланып жабыркаган, бирөөнүн далысы күйүп калган.

5-ноябрда саат 13 ченде чыккан өрт учурунда мотор майлары сакталган кампа өрттөнүп, өрттүн аянты 2,7 чарчы чакырымга жеткен. Өрт 20 сааттан кийин 6-ноябрь күнү саат эртең мененки саат 8:30га жакын толук өчүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG