5-ноябрда мотор май кампасынан чыккан өрт техникалардын эскиргенин, аны жаңылоо жана толуктоо зарылчылыгы бар экенин ачык көрсөттү. Бул тууралуу ӨКМ министри Кубатбек Боронов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди:
-Техникабыздын көпчүлүгү 1970-80-жылдардагы техникалар. Акыркы жолу 2009-жылы Орусиядан апкелинген шаймандар бар, бирок алар бардык өрт өчүрүүчү бөлүктөргө жеткен эмес. Мотор майы мунайзат болуп эсептелет, ошондуктан, андан чыккан өрттү өчүрүү оңой эмес. 5-ноябрдагы өрттү өчүрүүдө резервдеги көбүк иштетилди. Эми анын ордун толуктоо үчүн дагы өкмөттөн 80 млн сом каражат сурап атабыз.
Бороновдун маалыматы боюнча, өрт өчүрүү кызматында өрткө каршы көбүк жок. Бир нече жыл мурун Бишкек шаарындагы күйүүчү май куюучу станция өрттөнүп кеткенден кийин, шаардык мэрия көбүк сатып алуу үчүн 500 миң сом бөлүп берген. Бул акчага сатылып алынган көбүк 5-ноябрда мотор май кампасында чыккан өрттү өчүрүүгө жумшалган.
5-ноябрда, саат 13 ченде чыккан өрт учурунда мотор майлары сакталган кампа өрттөнүп, өрттүн аянты 2,7 чарчы чакырымга жеткен. Өрт 20 сааттан соң, 6-ноябрь күнү саат 8:30га жакын толук өчүрүлгөн. Өрттөн адамдар жабыркаган эмес.(ZKo)