Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Түштүк Корея: өкмөт башчыны парламент сунуштайт


Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе
Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе

Түштүк Корянын президенти Пак Кын Хе шейшембиде өзү 2-ноябрда дайындаган премьер-министрди алмаштыруу зарыл экенин жарыялады.

Буга чейин оппозиция өкмөттөгү орун алмаштырууну президенттин өзүнүн айланасындагы ызы-чуудан алаксытуу аракети катары баалаган. Пак Кын Хе депутаттарга талапкер сунуштоону чакырды:

- Эгер парламент бийликтеги партияны да, оппозияны да канааттандыра турган татыктуу адамды сунуштаса, мен аны премьер-министр кылып дайындайм.

Түштүк Кореянын президенти мамлекеттик иштерге курбусу Чхве Сун Cилди аралаштырып, ага жашыруун документтерди ишенип, өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүн оңдотуп турган деп шектелүүдө.

Жергиликтүү басылмалар Чхвени президенттин “жеке көз ачыгы” деп аташууда. Учурда өлкө башчысынын курбусу камакта. Тергөө маалыматына ылайык, Чхве Сун Сил президент менен жакын мамилесин колдонуп, ири корпорацияларды өзүнүн жеке фондуна ири суммадагы акчаларды котортуп турууга мажбурлаган.

XS
SM
MD
LG