Германиянын бийликтери “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар деп шектелген беш адамды камакка алды. Алар Түндүк Рейн-Вествалия жана Төмөнкү Саксония федералдык аймактарында жүргүзүлгөн рейддердин алкагында кармалышкан. Бул тууралуу федералдык прокуратурадан маалымдашты. Кармалгандардын арасында "Абу Шаала" деген лакап аты менен таанымал Ахмад Абдулла Абдулазиз аттуу Ирактын жараны да бар.
32 жаштагы бул адам кармалгандардын жетекчиси болгонун жана ал ачык эле экстремисттик топту колдоп келгенин прокуратурадан билдиришти.
Топ Германиядагы мусулмандарды Сирияга барып "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарына кошулууга үндөө менен алектенип келишкен деп шектелүүдө. Атургай алар бир нече адамды жөнөтүп жиберүүгө да үлгүрүшкөнү маалымдалды.