Ирактын түндүгүндө, Мосул шаарынын жака белинде “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери үч жүздөй мурдагы аскерлерди уурдап кетишкен. Жоочулар ошондой эле Хаммам аль-Али шаарындагы бир жарым миңдей үй-бүлөнүн турак жайларын тартып алып, Мосулду көздөй айдашкан. Алардын андан аркы тагдыры белгисиз.
8-ноябрда Женевада жасаган билдирүүсүндө Улуттар Уюумунун маалымат катчысы Равина Шамдасани радикалдар жайкын тургундарды калкан катары колдонууну көздөп жатканын айтты.
7-ноябрда Мосулду согушкерлерден тазалоо операциясына катышып жаткан ирактык аскерлер Хаммам аль-Али шаарындагы мектептин айланасында баштары алынган жүздөй адамдын сөөктөрү көмүлгөн жайды табышкан.