Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Дональд Трамп шайлоодо добуш берди


Трамп добуш берүүдө.
Трамп добуш берүүдө.

АКШдагы шайлоодо президенттикке талапкер, республикачы Дональд Трамп Нью-Йорктогу шайлоо участкаларынын биринде добуш берди.

Ал добуш берген шайлоо тилкесинде мурдараак белинен жогору жылаңачтанып, Трампка каршы ураан жазылган плакаттарды кармап кыйкырган эки активист аял кармалган. Алардын жонунда "FEMEN USA" деген жазуу болгону кабарланган.

Буга чейин Трамптын атаандашы, Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон да Нью-Йорктогу шайлоо бекетинде күйөөсү, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон менен келип добуш берген.

Америкалыктар 8-ноябрда 45-президентин эле эмес, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын бүткүл 435 мүчөсүн жана 100 сенатордун 34үн шайлашууда.

XS
SM
MD
LG