АКШда президенттик шайлоодогу добуш берүүлөр уланып жатат. Бул шайлоонун жыйынтыгы менен Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон же Республикачылардын өкүлү Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп калмакчы жана 2017-жылдын 20-январында кызматынан кете турган Барак Обаманын ордун басат.
Шайлоо өнөктүгү учурундагы сурамжылоолор Клинтон Трамптан үч пайыздай озуп келе жатканын, маанилүү деп саналган штаттарда бир аз артыкчылык менен алдыда баратканын көрсөткөн.
Ошондой эле сурамжылоолордо белгилүү болгондой, Клинтон жогорку билимдүү аялдардын, латын жана афроамерикалыктардын колдоосунан үмүт кылса болот. Трампты болсо, “Америка добушу” радиосу белгилегендей, негизинен жумушчу класстын ак түстүү өкүлдөрү, жогорку билими жок адамдар жана агрардык аймактагы шайлоочулар колдоп жатат.
АКШдагы 8-ноябрдагы шайлоодо 80ден 100 миллионго чейин адам добуш берери күтүлүүдө. Өткөн күндөрү алдын ала добуш берүүгө уруксат берилген штаттарда 46 миллион адам добуш берген.