Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Өкмөттүн жаңы курамы парламентте каралат


Кыргыз өкмөтү.
Кыргыз өкмөтү.

Бүгүн, 9-ноябрдагы жалпы жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өкмөт түзүмү жана программасы менен тааныштырат. Ага жаңы курамга сунушталган бардык талапкерлер катышат. 8-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет өкмөттүн жаңы курамын бекиткен. Андан кийин көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөт түзүмүн колдоп, маселени Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтүнүн курамындагы 12 министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашып жатат, ал эми калгандары жана Cооронбай Жээнбеков, үч комитеттин башчылары ордунда калды. (NT)

XS
SM
MD
LG