Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Бишкек мэриясы диний жазууларды иликтей баштады


Токтогулдагы диний жазуу.
Токтогулдагы диний жазуу.

Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, башкалаадагы машине, тетик саткан жана оңдогон бир катар жайлардын дарбазаларына жазылган диний ураандар текшериле баштады. Аларды илип алгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Соода-сатыкка диний жазууларды колдонуу көрнөк-жарнак тууралуу мыйзамга каршы келет:

- Патрис-Лумумба көчөсүндө бир нече жарнактар илиниптир. Алгач ислам дининдеги сөздөр жазылганы, андан кийин мындай же тигиндей тетиктер сатылат деген чакырыктар мыйзамга туура келбейт. Мазмуну да, илген жери да туура эмес. Бул боюнча эч кимден уруксат алышпаган. Жарнак департаменти былтыр жоюлган, анын кызматкерлери мүлк башкармалыгында иштеп жатышат. Текшерүүнү ошолор жүргүзүшөт.

Бишкекте автоунаа жана тетик саткан, оңдогон менчик үйлөрдүн дарбазаларында “Аллоху Акбар”, “Бисмиллах” жана “Машаллах” деген жазуулар илингенин жана аларды пакистандыктар иштетерин 8-ноябрда “Азаттык” кабарлаган. Өткөн аптада Чүй жана Жалал-Абад облустарында келме жазуулары илинген болчу. Токтогул районунда жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен кайра алынган. Кыргызстанда көрнөк-жарнактарды кыргызчалоо көптөн бери маселе жаратып келе жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG