Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы отурумунун күн тартибиндеги биринчи маселе болуп каралат. Мындай сунушту Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов киргизди. Өмүркулов өкмөттүн жаңы курамы жана программасы буга чейин тиешелүү комитеттерде жана фракциялардын отурумунда каралганын билдирди.
Спикер бул маселени күн тартибине кезексиз киргизди. Ушул тапта өкмөт башчылык кызматка сунушталган Сооронбай Жээнбеков министрлер кабинетинин программасын депутаттарга тааныштырууда.
Жаңы сунушталган курам боюнча, мурдагы министрлердин алтоо өзгөрөт. Арасында "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын депутаттары да бар.(ZKo)