“Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана РАЖ оппозициялык фракция болуп калышты. Бул тууралуу бүгүн аталган фракциялардын лидерлери Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда жарыялашты.
Өткөн жумада Социал-демократтар, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары коалиция түзүп, өкмөттүн жаңы курамын түзүшкөн.
Былтыр күзүндө шайланган парламенттеги төрт фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс") көпчүлүк коалицияга биригип, өкмөттү кураган болчу. Эки апта мурда КСДП фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, башкаруучу көпчүлүк тараган. Өткөн жумада КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстан” фракциялары менен бирге башкаруучу коалицияны түзгөн.(ZKo)