Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал президент Алмазбек Атамбаевге 2 млн сомду төлөп берген жок деп айыпталууда.
Орунбековдун жактоочулары кабарлашкандай, мамлекеттик айыптоо журналистти эки жылга эркинен ажыратууну сурашы ыктымал.
Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда Мaalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган соң Башкы прокуратура анда жазылгандар “президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген” деп, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке 2 миллион сомдук доо коюлган. Июндан тарта Орунбеков айыппулду төлөй баштаган. Бирок Октябрь райондук ИИБ тарабынан “доону төлөгөн жок” деген айыптын негизинде Орунбековго каршы кылмыш иши козголгон.(ZKo)