Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

“Ооган кызы” Мекенине кайтып келди


Шарбат Гуланы Мекенине кайтаруу.
Шарбат Гуланы Мекенине кайтаруу.

National Geographic журналы 1985-жылы биринчи бетине сүрөтүн жарыялап, согуш өртүнө капталган Ооганстандын символу болгон “көк көздүү” аял Шарбат Гула 8-ноябрда Мекенине келди.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү Гуланы Торхам өткөрмө бекетинде Ооганстанга өткөрүп берди.“Ооган кызы” аталган Шарбат Гула Пешаварда жасалма документтер менен төрт баласын алып жашап жатканы аныкталган.

Пакистан телекөрсөтүүсү ооган улуттук кийимин кийген 40 жаштагы Шарбат Гула Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда автоунаада Ооганстан чек арасын көздөй бараткан тасманы көрсөтүштү. Көк көздүү “ооган кызын” Кабулда президент Ашраф Гани кабыл алары маалымдалган. Ооган бийлиги Гуланы турак жай менен камсыздарын убада кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG