Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, өкмөттүк күчтөр бошотууга киришкен Мосулга жакын жерде “Ислам мамлекетинин” жоочулары 300 дөй мурунку аскерлерди уурдап кетишкен. Жоочулар ошондой эле 1,5 миңдей үй-бүлөнү Мосулга жакын Хамам ал–Алил шаарында күч менен кармап турушат.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы Равина Шамдасани 8-ноябрда Женевада маалымат жыйынында “адамдар зордук менен орун которууга мажбур болушкан же уурдалышкан, кыязы аларды тирүү калкан катары колдонуу максаты бар же алардын кимдигине жараша тагдыры чечилип, өлтүрүлөт”, деп билдирди.
3-ноябрда Мавали кыштагында 100дөй мурунку аскер, ага удаа Тал-Афар районунда 195 мурунку Ирак аскерлерин жоочулар кармап кетишкен. Алардын тагдыры белгисиз экенин Шамдасани белгиледи. (AiT)