Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Атамбаев Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Дональд Трампты АКШнын президенти болуп шайлануусу менен куттуктап, телеграмма жолдоду.

Анда “бул куттуктоо эки өлкө кызматташтыгынын 25 жылдык мааракесине туш келип жатканы өзгөчө кубандырат. АКШ менен Кыргызстан мындан ары достук жана кызматташтык мамилесин улантаарына ишенем” деп жазылган. Ошондой эле Атамбаев Трамптын бул мамлекеттик жогорку кызматка келүүсү кыргыз-америка байланыштарын кеңейтүүгө, анын ичинде демократияны өнүктүрүү, дүйнөдөгү глобалдык коркунучтарга бирге каршы туруу аракеттерин күч алдырарына ишеничин билдирген.

Мындан тышкары мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев АКШнын жаңы шайланган президентине бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болду. Анда Республикачылардын талапкери Дональд Трамп жеңишке жетти. Ал шайлоочулар коллегиясынын 276 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Демократиялык партиядан талапкер болгон Хиллари Клинтон 218 добуш менен артта калды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG