Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Кыргыз-өзбек делегациясы чек ара маселесин карады


Чек арадан өткөрүү пункту.
Чек арадан өткөрүү пункту.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу сөз болду. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков 9-ноябрда парламентте билдирди. Анын айтуусунда, акыркы убактарда бул маселеде жылыш боло баштады. Үстүбүздөгү жылы чек ара маселеси боюнча эки тарап 5 жолу жолукту, 49 талаштуу аймактар боюнча келишимдерге жетишти, деп билдирди Разаков.

Жогорку Кеңеш ушул тапта өкмөттүн жаңы курамы жана программасын талкуулап жатат.

Сунуш кылынган курамда өкмөттүн структурасы өзгөргөн эмес, бир вице-премьер-министр, алты министр алмашып, калгандары ордунда калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG