АКШ Орусияга карата мамилесин өзгөртүп, экономикалык санкцияларын жойсо, Орусиянын бюджети толот. Мындай пикирин ЖК депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди:
- Орусияга эмбарголор жоюлса, ЕАЭБ алкагындагы жалпы казынадан Кыргызстан 20-40 млрд сомго чейин алуу мүмкүнчүлүгү болуп калмак. Дүйнө жүзүндөгү кризистердин баары доллар менен байланыштуу. Дональд күчтүү экономист катары аны жоёт деп ишенем.
Акылбек Жапаров АКШ-Москва мамилесинин өзгөрүүсү дүйнөдөгү көп өлкөлөргө таасир берет деп ишенет.
8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болду. Анда Республикачылардын талапкери Дональд Трамп жеңишке жетти. Ал шайлоочулар коллегиясынын 276 добушун топтоп, АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Трамп президенттик шайлоо алдындагы платформасында Орусия менен АКШнын мамилесин жакшыртарын айткан.(BkA/ZKo)